Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды
18.11.24 | 14:34
Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Сүйүмбаев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
"Оңдоо иштеринин жүрүшүндө асфальттын эски катмары алынып, жаңы асфальт төшөлдү, ошонлой жаңы бордюрлар, түтүктөр үчүн кутулар орнотулду", - деп айтылат маалыматта.
Редактор
Редактор
Поделиться: