Жарнама

Бишкекте төрт троллейбус каттамы автобустарга алмаштырылды

25.11.24 | 13:15
Бишкекте төрт троллейбус каттамы автобустарга алмаштырылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында төрт троллейбус каттамы автобустук каттамдарга алмаштырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда борбор калаада №4, №5, №8 жана №10 автобустар троллейбус каттамы менен жүрөт.

Белгилей кетсек, троллейбус каттамдарын алмаштырууга жаңы автобус линиялары ишке киргизилет. Автобустар келген учурда №14 жана №17 троллейбус каттамдары калыбына келтирилет.

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун аркасында эки троллейбустук автобазада электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду.

Троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар жарандарды тейлейт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча