Жарнама

Депутат медреседеги балдардын билимин көзөмөлдөөнү сунуштады

17.12.24 | 17:39
Депутат медреседеги балдардын билимин көзөмөлдөөнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда расмий катталган 167 диний окуу жайда 7933 эркек, 7513 кыз окуйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров парламентте дин мыйзамы талкууланып жаткан коомдук угууда билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров медреседеги балдардын билимин тыкыр көзөмөлдөө керек экенин билдирди.

“15 миң бала көп. Ар бир бала Кыргызстандын жараны, аларга светтик билим – математика, физика, химия сабактары берилиши керек. Ошондуктан мен мыйзамга сунуш берейин, Билим берүү министрлиги светтик билим берүү жагын көзөмөлгө алсын. Диний билим берүү жагын муфтият өзүнүн уруксаты менен берсин”, - деди Абакиров.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча