Бразилияда туристтик шаарда учак кулап, 10 адам каза болду
Бразилиянын популярдуу делген туристтик шаарында кичинекей учак кулап, борттогу 10 адам каза болгон. Жарандык коргонуу агенттигинин маалыматы боюнча, 22-декабрда Грамадонун борборуна учак кулап кеткендегине байланыштуу ал жердеги ондон ашык адам да жабыркаган. Бул тууралуу news.sky.com жазды.
Х сайтында агенттик учак турак үйдүн морун сүзүп, андан кийин имараттын экинчи кабатын тешип, Грамаду турак жай конушундагы уюлдук телефон дүкөнүн сүзгөнүн билдирди.
Рио-Гранде-ду-Сулдун губернатору Эдуардо Лейте учактын ээси жана учкучу Луис Клаудио Галеацци, ошондой эле борттогу тогуз жүргүнчү, учактын ээси туугандары менен бирге окуя болгон жерде каза болгонун ырастады.
Акыркы маалыматтар боюнча, жерде 17 адам жаракат алып, алардын 12си ооруканада жатат, экөөнүн абалы оор.