Жарнама

Өлкөдө электр энергиясына болгон таңкыстык жакынкы жылдары жоюлабы?

14.01.25 | 14:14
Өлкөдө электр энергиясына болгон таңкыстык жакынкы жылдары жоюлабы? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өлкөдөгү электр энергиясына болгон таңкыстыкты жоюу үчүн чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков “Кабар” агенттигине берген маегинде айтты.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин колдоосу менен Камбар-Ата-1 ГЭСин жандандыруу абдан активдүү жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө өкмөт өзүнүн күчү менен даярдык иштерин толук түрдө аткарып жатат.

“Ал жерге азыр инфраструктура, жол, туннель, шаарча өкмөттүн өзүнүн күчү менен салынып жатат. Мындан тышкары, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Учурда ошондой эле күн электр станциялары, шамал электр станцияларын куруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мына ушулардын баары ишке кирсе, биз электр таңкыстыгынан чыгабыз”- деп белгиледи  Өмүрбеков.

Курсантбек Өмүрбековдун айтымында, электр станцияларын куруу план боюнча 2027-жылга туш келет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча