Жарнама

Орусия Запорожьеге ракета менен сокку урду. Жарадар болгондор жана каза болгондор бар

23.01.25 | 16:41
Орусия Запорожьеге ракета менен сокку урду. Жарадар болгондор жана каза болгондор бар КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Орусиянын армиясы 23-январга караган түнү Запорожье облусуна жасаган чабуулда бир киши набыт болуп, 25и жараат алды. Жабыркагандардын арасында эки айлык ымыркай бар. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

"Запорожьеге жасалган ракеталык чабуул бир адамдын өмүрүн алды. 47 жаштагы киши көз жумду",- деп жазды облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров.

Жараат алгандардын арасында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү дагы бар. Беш кишинин абалы оор экени айтылды.

Маалыматка ылайык, соккунун жыйынтыгында калаадагы карапайым адамдар жашаган адамдардын үйлөрү талкаланган. 




Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча