Жарнама

Тоолуу аймактарда көчкү коркунучу бар. 24-январга күтүлгөн аба ырайы

24.01.25 | 09:00
Тоолуу аймактарда көчкү коркунучу бар. 24-январга күтүлгөн аба ырайы КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшөт жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрдик аралык кыймыл сакталышы зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндуз -7…-12.

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптайт, жаан-чачын ыктымалы аз. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -17…-19°, күндүз -4…-6° суук болот.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча