Жарнама

Жүктөрүн көтөрүнгөн миңдеген палестиндер Газанын түндүгүн көздөй агылышты

27.01.25 | 16:45
Жүктөрүн көтөрүнгөн миңдеген палестиндер Газанын түндүгүн көздөй агылышты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Израил 27-январда миңдеген палестиндерге 15 айдан бери биринчи жолу Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты.https://ru.euronews.com/2025/01/27/gaza-deal-reached


ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) менен Израил бийлигинин ортосундагы соңку күндөрдөгү талаш-тартыштан улам жол пландалгандан эки күн кеч ачылды. Туткундарды бошотууга байланыштуу маселе Египет жана Каирдин ортомчулугу менен чечилди.

Уруксат берилери менен жүктөрүн көтөрүнгөн миңдеген палестиндер Газанын түндүгүн көздөй агылышты. Алардын көбү анклавда согуш башталганы үй-жайын таштап түштүккө качууга аргасыз болушкан. Газанын түндүк тарабы дээрлик толугу менен урандыга айланган.




Ар кандай эсептерге караганда, бул аймакка 650 миңдей адамдын кайтышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек,январдын ортосунда тараптар ортосундагы макулдашуунун  алкагында Израил Газанын түндүгүнө жол ачмак.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча