Жарнама

АКШ Украинадан келген качкындарга жардам берүү программасын токтотту

28.01.25 | 17:29
АКШ Украинадан келген качкындарга жардам берүү программасын токтотту КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы Украина үчүн бириккен (U4U) программасынын алкагында украиналык качкындардан өлкөгө кирүү үчүн арыздарды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу билдирүүнү чет элдик басылмалар жазып чыгышты. https://www.moscowtimes.ru/2025/01/28/ssha-priostanovili-programmu-pomoschi-bezhentsam-iz-ukraini-a153443

"2025-жылдын 20-январындагы "Чек араларыбызды коргоо" буйругунун алкагында АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы I-134A формасын, онлайн жардам суроо жана каржылык колдоо декларациясын кабыл алууну токтотот", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык,арыз кабыл алуу буга чейин түшкөн арыздар каралып чыкканга чейин токтотулганы, чечим жалгыз гана украиналыктарга байланыштуу эмес экени, I-134A формасы кайрылгандардын баарынан эле кабыл алынбай калганы маалымдалды. Анда белгиленгендей, 2023-жылдын мартына карата АКШга U4U программасы менен 118 миңден ашык украиналык барган. Ошондой эле 2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачканда 25 миңдей украиналык жаран АКШга Мексика аркылуу кирген.

Белгилей кетсек, 25-январда The New York Times гезити АКШнын Ички коопсуздук министрлиги U4U программасын токтотконун жана ал боюнча башпаанек сураган арыздар азырынча каралбай турганын жазган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча