Учак дарыяга кулаган. Вашингтондо жүргүнчү ташыган учак менен аскердик тик учак кагышты
Вашингтондогу Рейган аэропортуна жакын жерде асманда аскердик тик учак менен жүргүнчү учагы кагылышты. Кырсык болгон учур камерага түшүп калган. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө (Москва убактысы боюнча саат 5:00) болгон. Бийликтердин билдирүүсүндө Bombardier CRJ700 жүргүнчү учагы Канзас штатынын Вичита шаарынан учуп бара жатып, Sikorsky H-60 тик учагы менен кагылышкан.
Ошондой эле учак American Airlines авиакомпаниясына таандык экени кабарланууда. Маалыматтарга караганда, тик учакта 4 экипаж мүчөсү жана 60 жүргүнчү жана үч аскер кызматкери болгон.
"Учак дарыяга кулаган.Потомак дарыясынан бир нече адамдын сөөгүн алып чыкты. Кырсыкты иликтеп жатат",-деп айтылат маалыматта.