Саламаттык сактоо министри маркумдун 7-8 органын трансплантациялоого болорун айтты
31.01.25 | 12:12
Маркумдун 7-8 органын трансплантациялоого болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин "Ыйман нуру" депутаттык тобу менен "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Көз жумгандан кийин донор болууга уруксат берүү каралууда. Диний жактан карама-каршылык жоктугун молдолор менен талкуулап, макулдугун алдык. Маркумдук донорлукка өтсөк бир эле адамдан 7-8 орган алса болот. Биринчиден, боор алынат. Дүйнөдө негизинен боор өлгөн адамдан алынат. Экинчиден, бөйрөк, чучук, өпкө, анан жүрөк алынат", — деди Бейшеналиев.
Редактор
Редактор
Поделиться: