Жарнама

Кыргызстандын ТИМи жана АКШ элчиси миграция жана санкция маселелерин талкуулашты

04.02.25 | 17:39
Кыргызстандын ТИМи  жана АКШ элчиси  миграция жана санкция маселелерин талкуулашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде АКШ элчиси менен миграция жана санкция маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен АКШ элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болду. Ага экономика жана соода министринин орун басары Назарбек Малаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык жана техникалык өз ара аракеттенүү, миграциялык жана санкциялык маселелер, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык демилгелерге катышуусу тууралуу талкуулашты.

Кыргыз тарап бул маселелер боюнча тең салмактуу чечимдерди табуу үчүн диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирди. Элчи Лесли Вигери АКШнын кыргыз тарап менен эки тараптуу механизмдердин алкагында кызматташууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өттү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча