Адылбек Касымалиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына барды.
Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат жана саммиттин алкагында “Глобалдык таасирдин өсүшү” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт.
Ошондой эле, саммиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болоору пландалууда.
Белгилей кетсек, “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” темасына арналган Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюмдар, 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар жана 6 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат.
Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланат.