Дональд Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү
Америка Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жана Россиянын президенти Владимир Путин 12-февралда телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Өлкө башчылары бир катар маселелер боюнча бир жарым саат баарлашышкан. Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Владимир Путин менен “узак жана өтө майнаптуу баарлашуу” болгонун жазды.
“Биз орус-украин согушунда болуп жаткан миллиондогон адамдардын өлүмүн токтотууну каалайбыз, буга экөөбүз тең макул болдук... Биз бири-бирибиздин өлкөлөрүбүзгө баруу менен абдан тыгыз иштешүүнү макулдаштык. Ошондой эле биздин тиешелүү командалар сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого макул болдук жана Украинанын президенти Зеленскийге телефон чалып баштайбыз”, - деди Трамп.
АКШ президенти ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган командасынын курамын жарыялады.
Ага мамлекеттик катчы Марко Рубио, Борбордук Чалгын кызматынын башчысы (Центральное разведывательное управление - ЦРУ) Жон Рэтклифф, Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф кирди.
Көп өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамп менен телефондон “дипломатиялык, аскердик, экономикалык” маселелерди талкуулаганы кабарланды.