Жарнама

Ноокатта окуучу кызды классташы сабаган. Билим берүү бөлүмү үн катты

20.02.25 | 14:56
Ноокатта окуучу кызды классташы сабаган. Билим берүү бөлүмү үн катты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Ноокатта окуучу кыз классташынын мурдун сындырган. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тараткан маалыматта айтылган.
Ага ылайык, 19-февралда 10-класстын окуучусу сабалган.
"Кызматтык териштирүү жүрүп, жыйынтыгы менен тиешелүү мугалимдерге эскертүү, мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына сөгүш берилди", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин соцтармакта Ноокат районунун "Көк-Жар" инновациялык билим берүү комплексинде 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тараган. Ал кызын классташы кемсинтип, мугалим сабак учурунда класстан чыгып кеткен маалда ур-токмокко алып, мурдун сындырганын айткан.
Учурда бул боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча