Жарнама

Кар жаап, күн сууктайт! Кыргызгидрометтин эскертүүсү

24.02.25 | 14:09
Кар жаап, күн сууктайт! Кыргызгидрометтин эскертүүсү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Кыргызстанда 26-28-февралда кескин суук болуп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдорго кар жаап, тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү жаралат.
Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Аймактарда абанын температурасы кандай болот:
-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5 градус болот;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3;
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...-+6;
-Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5;
-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3;
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча