Жарнама

Касымалиев Токаев менен чек арадагы жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүүнү сүйлөштү

25.02.25 | 17:28
Касымалиев Токаев менен чек арадагы жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүүнү сүйлөштү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кыргыз-тажик чек арасындагы жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Казакстанга расмий сапар менен барган Касымалиевдин Токаев менен жолугушуусу Астана шаарында бүгүн, 25-февралда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташуу маселелери сүйлөшүлгөн.

«Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрмө пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча