Жарнама

Блогер скутерди сүзүп кеткен. 17 жаштагы өспүрүм көз жумду

28.02.25 | 12:11
Блогер скутерди сүзүп кеткен. 17 жаштагы өспүрүм көз жумду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Блогер өзүнүн BMW унаасы менен скутерди сүзүп, 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 25-февралда болгон. BMW унаасы магистралда кетип бара жатып, Асылкеч көчөсүнүн кесилишинде магистралга бурулуп жаткан скутерди сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен скутердин 17 жаштагы айдоочусу Тез жардам кызматы барганга чейин каза болгон.

Каза болгон өспүрүмдүн агасы журналисттерге билдиргендей, рулда белгилүү блогер болгон. Анын айтымында, блогер катуу ылдамдыкта бара жаткан. Ал ошондой эле Тез жардам кызматын бир сааттай күтүп калышканын айтты. Маркумдун агасы блогер жазадан кутулуп кетет деп кооптонуп жатканын билдирген.

«Бардык чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилди. Унаа айып короого киргизилди. Айдоочу кармалган, бирок убактылуу кармоочу жайга киргизиле элек»,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча