Жарнама

Пландуу ооруканага жаткырууда кандай акысыз кызматтар көрсөтүлөт?

04.03.25 | 14:21
Пландуу ооруканага жаткырууда кандай акысыз кызматтар көрсөтүлөт? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) пландуу ооруканага жаткырууда кандай акысыз кызматтар көрсөтүлө турганы тууралуу маалымат берди. 

Ага ылайык, пландуу ооруканага жаткыруу учурунда камсыздандырылган жарандар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган, бирок белгиленген өлчөмдө кошумча төлөм жүргүзгөн жарандар кошумча төлөмсүз төмөнкү медициналык кызматтарды алууга укуктуу экенин эскертет.

Текшерүү жана дарылоо – дарыгердин күнүмдүк кароосу, консультациялар, дарылоону, анын ичинде хирургиялык операцияны жана наркозду дайындоо.

Диагностика - стационарда жүргүзүлүүчү лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр (жогорку технологиялууларды кошпогондо).

Дары-дармектер менен дарылоо - жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинен дары-дармектерди берүү менен ийне (булчуңга, венага) саюу.

Таңуу - медициналык буюмдарды (бинт, марли ж.б.) колдонуу менен таңууларды жасоо.

Реабилитация жана физиотерапия – көрсөткүчтөрү болсо, бул стационарда жеткиликтүү калыбына келтирүү жол-жоболорун жүргүзүү.

Кандай дары-дармектер акысыз берилээрин кантип билсе болот?

Стационардын ар бир бөлүмүндө көрүнүктүү жерде (көбүнчө коридордо) ошол күнгө акысыз дарылардын актуалдуу тизмеси жайгаштырылган. Эгер дайындалган дары бул тизмеде жок болсо, медициналык кызматкер бейтапка анын жеткиликтүү эместигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

ММКФ бейтаптар өздөрүнүн укуктары жөнүндө маалымдуу болушуна чакырат жана зарыл болгон учурда дарылоочу дарыгерден же оорукананын администрациясынан маалыматты тактап алуулары керек.

Суроолор келип чыккан учурда ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыздар, чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча