Жарнама

Австралияда 17 жаштагы өспүрүм учакты басып алууга аракет кылды

09.03.25 | 17:31
Австралияда 17 жаштагы өспүрүм учакты басып алууга аракет кылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

17 жаштагы австралиялык өспүрүм мылтык жана ок-дары менен учакка кирип кеткен.

Окуя 6-мартта Мельбурн шаарында болгон. Куралчан өспүрүм аэропорттун жумушчуларынын формасын кийип, тосмодогу тешик аркылуу учуп-конуу тилкесине кирген. Андан соң Сиднейге уча турган учакка кирген.

Учакта 160 жүргүнчү болгон. Жигит куралды жашырууга аракет кылган эмес, анын куралчан экенин адамдар байкашкан. Үч адам өспүрүмдү байлап, милицияга өткөрүп беришти. Эч ким жабыркаган жок.

Жигиттин унаасы аэропорттун жанынан табылган. Буга чейин өспүрүм жоопкерчиликке тартылган эмес. Анын террордук топтор менен байланышы бар-жогу белгисиз. Ага азырынча айып коюла элек.

 

 

 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча