Жарнама

Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу 4 тилкелүү болот. Бак-дарактарды кыюу иштери башталды

11.03.25 | 13:43
Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу 4 тилкелүү болот. Бак-дарактарды кыюу иштери башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолу реконструкцияланып, 4 тилкелүү болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кеңейтүү иштеринин алкагында азыркы тапта жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу жумуштары кызуу жүрүүдө. Аны менен катар жер иштерине даярдык көрүлүп, курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынып жатат.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жолду куруу пландалууда. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат.

Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча