Жарнама

Жүргүнчүлөрдүн эсине! Бишкекте 3 автобустун каттам схемасы өзгөрдү

17.03.25 | 13:22
Жүргүнчүлөрдүн эсине! Бишкекте 3 автобустун каттам схемасы өзгөрдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Бишкек шаарында №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта калаа мэриясы кабарлады.

Мындай өзгөрүү Ч. Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Жогорудагы автобустардын каттамы төмөнкүдөй болот:

№55 автобус Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү;
№8 автобус И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү;
№56 автобус А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Шаардык мэрия келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча