Жарнама

Израил Газа тилкесине соккуларын кайрадан жандантты

18.03.25 | 11:11
Израил Газа тилкесине соккуларын кайрадан жандантты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн 18-мартка караган түнү Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 200дөн ашты.Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. 

Маалымдалгандай, Газа тилкесинде аскердик операциянын кайра башталышына ХАМАС кыймылы келишимди узартуудан баш тартканы себеп болгон.

Эске салсак, 19-январдан 1-мартка чейин Газа тилкесинде ок атышпоо, Израиль менен ХАМАСтын ортосунда туткундарды алмашуу боюнча келишим күчүндө болду. Бул аралыкта Газадан 30 тирүү барымтадагы адам бошотулуп, сегиз кишинин сөөгү чыгарылды. Анын ордуна Израил 1700дөй палестиналык туткунду бошотуп, армиясын анклавдын ички аймактарынан чыгарып кеткен.

Макулдашылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин эки тараптын ортосунда аны кайрадан узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Анда барымтадагылардын бардыгы бошотулуп, Израилдин аскерлерин анклавдан чыгаруу каралып жаткан болчу. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча