Жарнама

Футбол: Кыргызстан учурдагы Азия чемпиону Катарды 3:1 эсебинде утту

26.03.25 | 09:25
Футбол: Кыргызстан учурдагы Азия чемпиону Катарды 3:1 эсебинде утту КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттеши 3:1 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады.

Белгилүү болгондой. мелдеш кечээ, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Кыргыз курамасынан голдорду команда капитаны Валерий Кичин менен коргоочу Александр Мищенко жана Алимардон Шүкүров киргизишти. Ал эми Катар курамасынан 12-номурдагы Лукас Мендес гол жаратып, көп өтпөй эле кызыл айып кагазын алып, оюндан четтеди.

Жыйынтыгында эсеп саны 3:1 болуп, Кыргыз курамасы тайпадагы кезектеги үч упайды алды. Белгилей кетсек, Катар курамасы учурдагы Азия чемпиону.

Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнөн 3-айлампага чыгып, Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түндүк Корея менен А тайпасында таймашып жатат.

Иран курамасы А тайпасында буга чейинки алты беттеште утуп, Өзбекстан менен тең чыккан. Азыр 19 упайы менен тайпанын сап башында келатат.

Экинчи орунда 16 упай топтогон Өзбекстан келе жатат. Кыргызстан 6 упай менен 5-сапта. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча