Эл өкүлү Надира Нарматова Ноокатта окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталганын айтып чыкты
03.04.25 | 17:09
Оштун Ноокат районунда окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталган. Бул тууралуу эл өкүлү Надира Нарматова Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында айтып чыкты.
Анда депутат ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге кайрылып, окуяны тактап, ишти көзөмөлгө алууну суранды.
"Мен маалыматты так айтпайм, сиздер аныктап чыгыңыздар. Ноокат районунда бир окуучу мугалим тарабынан зордукталып, учурда кыз ооруканда. Ал эми шектүү камакта. Бул өтө жаман нерсе. Сиз ушул окуяны аныктап, мыйзам чегинде көзөмөлгө алыңыз", - деди эл өкүлү.
Редактор
Редактор
Поделиться: