Жарнама

Эл өкүлү Надира Нарматова Ноокатта окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталганын айтып чыкты

03.04.25 | 17:09
Эл өкүлү Надира Нарматова Ноокатта окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталганын айтып чыкты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 Оштун Ноокат районунда окуучу кыз мугалим тарабынан зордукталган. Бул тууралуу эл өкүлү Надира Нарматова Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги  жыйынында айтып чыкты. 

Анда депутат ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге кайрылып, окуяны тактап, ишти көзөмөлгө алууну суранды.

"Мен маалыматты так айтпайм, сиздер аныктап чыгыңыздар. Ноокат районунда бир окуучу мугалим тарабынан зордукталып, учурда кыз ооруканда. Ал эми шектүү камакта. Бул өтө жаман нерсе. Сиз ушул окуяны аныктап, мыйзам чегинде көзөмөлгө алыңыз", - деди эл өкүлү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча