Жарнама

Бишкекте аттракциондо болгон окуя: 19 жаштагы шектүү үй камагына чыкты

04.04.25 | 11:38
Бишкекте аттракциондо болгон окуя: 19 жаштагы шектүү үй камагына чыкты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги Панфилов сейил багында иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыздын окуясынан кийин шектүү катары кармалган 19 жаштагы жигит үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматында айтылат. 

Белгилүү болгондой, чечимди кечээ, 3-апрелде райондук сот кабыл алган. Анын негизинде шектүү 1-июнга чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондо кыз кулап түшүп, ооруканага оор абалда жеткирилген. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыш ишин козголуп, 19 жаштагы жигит шектүү катары кармалган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча