Жарнама

"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында бүтөт

10.04.25 | 13:32
"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында бүтөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында бүтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аэрпорттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

"Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден, учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт.

Экинчиден, ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган эң заманбап жарыктандыргычтар орнотулат.

Бул өз кезегинде учурда аба-ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат.

Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт.

Кыскасын айтканда, аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып, замандын талабына шайкеш келет", - деди ал.

Кошумчалангандай, кийинки жылы "Ош" эл аралык аэропортунда дагы ушундай эле жумуштар аткарылат. Курулуш иштери "Манас" ААК өздөрү тапкан каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча