Таласта аким жемкорлукка шектелип кармалды
Таластагы районудордун биринин учурдагы акими, Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары жемкорлукка шектелүүдө. Бул туурасында ИИМдин бүгүнкү, 24-апрелдеги малыматында айтылат.
Маалым болггондой, акимдин орун басары болуп турган кезде өзүнүн кызматтык абалын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, "Жер участокторун которуу жөнүндө" мыйзамды бузуп, 2018-жылдагы буйругу менен мамлекеттик дарыкананын карамагында турган 0,70 гектар жер участогун өндүрүштүк катары өзгөртүп, турак жай курууга уруксат берген. Натыйжада жер тилкеси жеке адамдарга берилип, мамлекетке 44 миллион 274 миң 50 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары учурда Талас облусунун райондорунун биринин акими болуп иштеген С.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.