Жарнама

Ысык-Көлдө таштанды өрттөөчү заводдор курулат

05.05.25 | 17:55
Ысык-Көлдө таштанды өрттөөчү заводдор курулат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көл облусунда таштанды өрттөөчү заводдор курулат. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, ушул эле күнү облус башчысы Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген Хунань Цзюньсинь Хуаньбао компаниясынын жетекчиси Дай Даогуо башында турган инвесторлор менен жолугушкан. Анда Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда таштанды өрттөөчү заманбап заводдорду куруу маселелери талкууланган.

Инвесторлор азыркы учурда ушундай эле заводду Бишкек шаарында куруп жатышканын жана бул тармактагы тажрыйбасын Ысык-Көлдө да колдонууга даяр экенин белгилешти. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтүшкөнүн жана курулушту быйылкы жылдын ичинде баштоого мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында облус жетекчилиги менен аталган компаниянын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Макулдашуу боюнча инвесторлор заводдорду куруп, жабдуулап жана кызматкерлерди окутуу иштерин жүргүзмөкчү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча