Марат Иманкулов мамлекеттик катчы кызматына дайындалды
16.05.25 | 09:49
Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Анда айтылгандай, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
"Сүйүнбек Касмамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулса, Иманкулов мамлекеттик катчылыкка бекигенине байланыштуу коопсуздук кеңешинин катчылыгынан алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Сүйүнбек Касмамбетов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кызматтан кетерин айтып чыккан болчу.
Редактор
Редактор
Поделиться: