Жарнама

Президент ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

30.06.25 | 15:57
Президент ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, жолугушууга Кыргыз, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана ЖККУнун башкы катчысы катышты.

Анда уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылды.

Мамлекет башчысы эл аралык терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, экстремисттик идеологиянын жайылышы, кибер коркунучтар жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тышкы кийлигишүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп бара жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ал мындай абал баарына олуттуу коркунуч туудурарын жана бирдиктүү жана координацияланган мамилени талап кыларын ырастады.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат мекемелеринин башчылары өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана аймактык жана эл аралык форматтардын алкагында демилгелерди биргелешип илгерилетүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча