Жарнама

Трамп: "Израиль 60 күнгө ок атышууну токтотуу шарттарына макул болду"

02.07.25 | 09:36
Трамп: "Израиль 60 күнгө ок атышууну токтотуу шарттарына макул болду" КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШ президенти Дональд Трамп билдиргендей, АКШ менен Израилдин өкүлдөрү Газа секторунда 60 күнгө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында жазды.

Трамп белгилегендей, бул убакыттын ичинде бардык тараптар менен иш алып баруу аркылуу согушту токтотууга аракет жасалат. 

Трамп ХАМАСка кайрылып, бул сунушту кабыл алууга чакырды: «Андан жакшысы болбойт, болгону жаман жагына кетет», — деди ал.

Мындан мурда Израилдин стратегиялык пландоо министри Рон Дермер Вашингтонго келип, Ак үйдүн өкүлдөрү менен Газа жана Иран маселелерин, ошондой эле премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун АКШга визитин талкуулай турганы айтылган.

Трамп ошондой эле Нетаньяхунун согушту токтотууну каалаганын билдирип, келишимге жетишүү келерки жумада болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Газадагы куралдуу кагылышуулар 2023-жылдын октябрында башталган. 2024-жылдын январында убактылуу тынчтык келишими түзүлгөн, ал эки айга созулган. Бирок 18-мартта Израил армиясы Газа секторуна кайрадан сокку урган.

АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф апрелде ок атышууну токтотууну узартууну сунуштаган. Ал сунушка ылайык, айрым туткундарды бошотуу менен тынчтыкты сактоо каралган. Израиль макул болгон, бирок «Хамас» сунушту четке каккан. Андан кийин Израил армиясы Палестинадагы аскердик операцияны күчөткөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча