Starbucks кеңсе кызматкерлерине жумасына төрт күн офисте иштөөнү милдеттендирди
15.07.25 | 10:48
Америкалык кофе ишканасы Starbucks АКШ жана Канададагы кеңсе кызматкерлерине жумасына төрт күн кеңсеге келип иштөөнү талап кылууда.
Жаңы талапка ылайык, кеңсе кызматкерлери октябрь айынан тарта дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин кеңсеге келип иштөөгө милдеттүү болушат. Мурда бул мөөнөт жумасына үч күн менен чектелчү.
Компания бул кадамды пандемиядан кийинки жаңы жумуш маданиятына ылайыкташа баштаганын билдирүүдө.
Amazon жана JP Morgan сыяктуу АКШнын башка ири компаниялары да акырындык менен үйдөн иштөөнү кыскартышууда.
Бирок, бир нече университеттердин, анын ичинде Стэнфорддун изилдөөчүлөрүнүн тобу АКШда үйдөн иштеген адамдардын жалпы үлүшү туруктуу бойдон калаарын аныкташкан.
Редактор
Редактор
Поделиться: