Жалал-Абадда ири курулуштар башталат: Ташиев жаңы филармония жана музей куруу тапшырмасын берди
Бүгүн, 23-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарына иш сапары менен барып, бир нече социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышты.
Анын алкагында шаар мэриясынын, президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараттары жана борбордук аянттын курулуш иштери текшерилип, сапатты жана мөөнөтүн көзөмөлдөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Маалыматка ылайык, шаарда жаңы филармония курулат. Бул максатта эки гектардан ашык жер бөлүнүп, курулушту баштоого даярдыктар жүрүүдө. Мындан тышкары, филармониянын жанына заманбап музей салуу үчүн дагы жер бөлүү боюнча көрсөтмө берилди.
Шаарды иретке келтирүү максатында бардык базарлар жана автоунаа тейлөө жайлары шаар четине чыгарылары айтылды. Ошондой эле Түмөнбай Байзаков проспектиси кеңейтилип, шаар ичиндеги жолдор жаңыланмакчы.
“Жеңиш” паркындагы оңдоп-түзөө иштерин да текшерген Ташиев сейил бакты элге ыңгайлуу, коопсуз жана эстен кеткис эс алуу жайына айлантуу тапшырмасын берди. Ал жерге согуш окуялары жана тарыхый инсандар үчүн эстелик аймагы да курулат.
Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык ишкерлер мекенге кайтып, бизнес баштаса, бийлик толук колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.