MEGA роумингдин жагымдуу шарттарын сунуштайт
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жайкы саякатты пландагандар үчүн роумингдин жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттары жөнүндө маалымдайт. Кызмат Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөндө да, ашыкча чыгымдарсыз жана кыйынчылыктарсыз байланышта болууга мүмкүндүк берет.
MEGAдан роуминг төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кирген жана чыккан чалуулар,
- жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет,
- SMS билдирүүлөр менен алмашуу,
- онлайн толуктоо жана реалдуу убакыт режиминде балансты көзөмөлдөө.
«Роуминг» кызматын кошуу акысыз жүргүзүлөт. Активдештирүү үчүн абоненттин балансында 1 сомдон кем эмес сумма болууга тийиш.
Роумингди MEGA24 мобилдик колдонмосу (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү) аркылуу башкарууга болот. Кошуу үчүн:
1. MEGA24 колдонмосун ачыңыз,
2. «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз,
3. «Жеткиликтүү кызматтар», андан кийин «Роумингди» тандаңыз,
4. Тарифтер менен таанышып, «Кошуу» баскычын басыңыз.
Роуминг үчүн атайын интернет-топтомдор 15тен ашык өлкөдө иштейт. Абоненттер трафиктин ыӊгайлуу көлөмүн тандай алышат:
- 1 ГБ — 900 сом (USSD буйруусу: *108*1#),
- 2 ГБ — 1500 сом (USSD буйруусу: *108*2#),
- 5 ГБ — 2500 сом (USSD буйруусу: *108*5#).
Мессенжерлер аркылуу баарлашууну жактырган колдонуучулар үчүн өзүнчө кызмат — «Роумингдеги WhatsApp» жеткиликтүү. Кененирээк маалымат жана шарттар компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган.
MEGA абоненттерди каалаган сапарларда туруктуу жана жеткиликтүү байланыш менен камсыздап, санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү улантууда.
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР