Жарнама

Австралияда күтүүсүз кыш: Соңку 40 жылдагы эң катуу кар жаады

04.08.25 | 13:16
Австралияда күтүүсүз кыш: Соңку 40 жылдагы эң катуу кар жаады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Австралиянын чыгыш тарабында, өзгөчө Түштүк Уэльс жана Квинсленд штаттарында, кыш кескин түрдө сезилип, соңку ондогон жылдарда биринчи жолу кар катуу жаады. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Уэльсте ишембиде 40 см кар жаап, бул көрсөткүч 1980-жылдардын ортосунан бери кайталанган эмес.

Квинсленд штатында да кар жаап, бул табигый кубулуш акыркы 10 жылда биринчи жолу катталды. Аймактын тарыхында мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет.

Жаан-чачын жана кар жаашынан улам Түштүк Уэльсте 1 400дөн ашуун өзгөчө кырдаал катталып, жүздөгөн унаалар жолдо калган. Көптөгөн имараттар да жабыркап, суу каптоо коркунучуна байланыштуу расмий эскертүүлөр берилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча