Жарнама

Кыргызстан менен Румыния түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

04.08.25 | 17:56
Кыргызстан менен Румыния түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жетектеген делегация Румынияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Румыниянын Жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Николае Стойка менен жолукту. Эки тарап Кыргызстан менен Румыния ортосунда аба каттамдарын уюштуруу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн жана Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу перспективасын талкуулады.

Мындан тышкары, Румыниянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен да жарандык авиация тармагындагы кызматташуунун багыттары, жөнгө салуу, инфраструктура жана адистерди даярдоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча