Жарнама

Жалал-Абаддагы жер титирөө: Алгачкы маалыматтар

06.08.25 | 09:23
Жалал-Абаддагы жер титирөө: Алгачкы маалыматтар КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

5-августта саат 19:44тө Жалал-Абад облусунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зыянтарткан аймактар боюнча маалымат берди. Алар:

- Майлуу-Суу шаарында Жарандык коргонуу комиссиясы 3 тайпага бөлүнүп, жеринде иш алып барууда.

- Базар-Коргон районунда Арстанбап-Ата айыл аймагындагы 2 турак үйдүн дубалдарынан жаракалар табылды.

- Сузак районунда Кыз-Көл айыл аймагындагы №32 орто мектебинин спорт залынын дубалдарына жарака кеткен.

- Таш-Көмүр шаарында жана башка райондордо кыйроолор катталган жок.

Жергиликтүү комиссиялар тактоо иштерин улантууда. ӨКМ кырдаалды көзөмөлгө алууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча