Түштүк Кореяга экинчи жолу Түндүк Кореядан мыйзамсыз өтүү фактысы катталды
07.08.25 | 17:36
Түштүк Кореяда Түндүк Кореядан качып келген жаран Ханган дарыясынын нейтралдуу бөлүгүндө кармалды. Окуя 31-июлда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын аскерлери бул адамды эки Кореянын чек арасынан батыш тараптагы аймагынан кармашкан. Ал Түштүк Кореяга өтүүнү каалаганын билдирген.
Бул окуя июль айынын ичиндеги экинчи окуя болуп саналат. Буга чейин 3-июлда дагы бир Түндүк Кореянын жараны чек арадан өтүп, Түштүк Кореяга башпаанек издеп келген.
Редактор
Редактор
Поделиться: