Якутияда 62 миң гектардан ашык токой күйүүдө, 73 адам жоопко тартылды
Якутияда 62,8 миң гектардан ашык аянттагы 15 токой өрттөнүп жатат. Бул тууралуу аймактык Экология министрлигине таянып, ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде жалпы аянты 14 192,5 гектарды түзгөн алты токой өртү өчүрүлдү. Өрттөнгөн аймактар Верхоян, Мом, Ленск, Нижнеколым, Среднеколым жана Томпон райондорунда жайгашкан.
Жалпысынан быйылкы жылы аймакта 96 990,8 гектар аянттагы 295 токой өртү өчүрүлгөн. Өрттөрдүн чыгышына себеп болгон 73 адам аныкталып, аларга карата 150 административдик протокол түзүлгөн.
Якутия өрт коркунучу жогору аймактардын бири болуп саналат. Аймактын жалпы токой аянты 256,1 миллион гектарды түзүп, бул республика аймагынын 83,4 пайызына туура келет. 1-майдан тартып аймакта токой өртү үчүн кооптуу мезгил башталган. Ал эми 5-июндан тартып өзгөчө өрт коопсуздугу режими киргизилген.