Арал – Казарман жолундагы ири таш тазаланып, каттам бир тараптуу ачылды
08.08.25 | 14:43
Т үндүк–Түштүк альтернативдик жолунун 283–284-чакырымында тоодон түшкөн ири таш толугу менен тазаланып, бир тараптуу кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.
24-июлда жол ири көлөмдөгү таш түшкөндүктөн жабылган. Атайын техникалар жана 18 кызматкер тартылып, жалпысынан 141 миң м³ таш тазаланды.
Редактор
Редактор
Поделиться: