Жарнама

Кыргызстан айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

11.08.25 | 12:01
Кыргызстан айылында жаңы мектептин курулушу аяктады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстан айылындагы №31 О.Курбанбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгун, 11-августта Курулуш министрлиги билдирди.

Имараттын жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт. Билим ордо заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган.

Белгилей кетсек, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай болуп курулуп, кийин мектеп катары колдонулган. Ал эми, 1985-жылы бала бакча багытында кошумча корпусу салынып, бирок окуучулар билим ала башташкан.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча