Жарнама

Токаев менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

11.08.25 | 13:54
Токаев менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кечээ,10-августта Украина тараптын демилгеси менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Украина президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы кабарлады. Маектешүүдө Украинадагы кырдаалды жөнгө салуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды.

Токаев украин элине, анын тарыхына, маданиятына жана тилине урмат-сыйын билдирип, Казакстан эл аралык укуктун принциптерине таянган туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал ошондой эле Астана башынан тартып адилеттүү негизде тынчтык формулаларын биргелешип издөө демилгесин көтөрүп келгенин, дайыма БУУ Уставын жана мамлекеттердин чек арасынын кол тийбестиги менен аймактык бүтүндүгүн сактоо принциптерин колдоп келгенин эске салды.

Тараптар Казакстан менен Украинанын өз ара кызыкчылыктарга жооп берген ар түрдүү тармактарда активдүү кызматташууну улантууга даяр экенин дагы белгилешти.

Зеленский өзүнүн Telegram-каналында Казакстандын Украина эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал маектешүү учурунда АКШ президенти Дональд Трамп жана Европа өнөктөштөрү менен жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык иштер жана жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат бергенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Орусия лидери Владимир Путин менен байланышып, АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдүн алкагында пикир алышкан.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча