Бишкекте жол куруучуну сабаган айдоочу кармалды
13.08.25 | 10:28
Бишкекте оңдоп-түзөө жүрүп жаткан жолго уруксатсыз кирип, жол куруучуну сабаган айдоочу кармалды.
Окуя 12-августта Лев Толстой менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо Toyota RAV4 унаасынын айдоочусу жабык турган жолго киргени көрүнөт.
Милиция 47 жаштагы айдоочуну аныктап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Редактор
Редактор
Поделиться: