Жарнама

Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бирин — К2ни багындырды

13.08.25 | 14:31
Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бирин — К2ни багындырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү бийиктиги боюнча экинчи чоку болгон К2ни багындырды. Анын чокуга чыгышы тууралуу маалымат 11-август күнү эртең менен Алан Арнатте блогунда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кубатов кычкылтек баллонусуз чокуга жеткен, бул көтөрүлүүнү кыйла татаалдаштырган. Ошондой эле альпинист оор аба ырайы шарттарында чокуга чыкты.

Эдуард Кубатов 4-августта жазган билдирүүсүндө ал күндөрү аба ырайы оор болорун, бирок акыркы мөөнөткө чейин К2де каларын белгилеген.

«Эми баары Жаратканга байланыштуу. Эл аралык альпинисттер күнүңөр менен! Биз 52 киши элек, азыр 14 калдык. Ишенем! Жана колдооңуздар үчүн элим, рахмат!», — деп жазган ал.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча