Жарнама

Орусия бензин экспортуна коюлган чектөөнү узартты

15.08.25 | 14:05
Орусия бензин экспортуна коюлган чектөөнү узартты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Орусия бензинди экспорттоого толук тыюуну узартты. Эми чектөө сентябрь айында дагы күчүндө болот, ал эми октябрь айында бул чектөө нефтепродуктыларды өндүрүүчүлөр үчүн колдонулат. Бул тууралуу вице-премьер Александр Новактын жетекчилиги астындагы ички нефтепродуктылар рыногундагы кырдаалды талкуулаган штабдын жыйынтыгында өкмөттүн билдирүүсү жарыяланды, деп кабарлайт «Ведомости».

Чектөө июль айында киргизилип, 2025-жылдын 31-августуна чейин белгиленген болчу. Октябрда ал нефтепродуктыларды өндүрүүчүлөр үчүн күчүндө болот.

Эксперттер күйүүчү майдын экспортуна тыюу салуунун узартылышын биржалык баалардын өсүшү жана сезондук суроо-талаптын жогору болушу менен байланыштуу логикалык кадам деп эсептешет. Алардын божомолу боюнча, сентябрда суроо-талап жана баалар төмөндөйт, ал эми октябрда чектөө алынышы мүмкүн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча