Ош шаардык куткаруучулар жаңы жабдыктар менен камсыздалды
15.08.25 | 16:37
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына зарыл куткаруу жабдыктары тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитет кабарлады.
Шаймандарды шаар мэри Жеңишбек Токторбаев өзү тапшырды. Шаардык мэриянын эсебинен башкармалыкка мотопомпа, дрон, стабилизатор, өрт өчүрүүчүлөрдүн атайын кийими, байланыш каражаттары жана башка зарыл жабдыктар алынды.
Бул жабдыктар ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жана тилсиз жоодон сактанууда колдонулуп, калкка ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
Редактор
Редактор
Поделиться: