MegaPay’де Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан ОСАГОну тариздеп, 10% кешбэк алыңыз
MegaPay колдонмосунда OСАГОну тариздөө алда канча пайдалуу экенин эске салабыз. “Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы” ААКда автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу кызматы өзүӊүздүн смартфондо онлайн режимде жеткиликтүү – полисти MegaPay аркылуу тариздөөдө сиз бонустар түрүндө 10% кешбэк аласыз.
Полисти кантип алса болот:
1. MegaPay колдонмосуна кириңиз.
2. “Сервистер” бөлүмүндө → “Камсыздандыруу” → “OСАГО онлайн камсыздандыруу” категориясына өтүңүз.
3. Тизмеден “КыргызГосстрах” баскычын тандаңыз.
4. Жалпы жарыя-сунуш менен таанышып, макулдугуңузду ырастаңыз.
5. Система сизге катталган унааларды автоматтык түрдө чагылдырат.
6. Керектүү унааны тандап, айдоочунун маалыматтарын, полистин жарактуу мөөнөтүн көрсөтүп, төлөмдү тастыктаӊыз.
Маанилүү: бонустар телефондун балансынан төлөгөндө гана берилет.
Жолдо өзүңүздү коргоңуз — OСАГОну онлайн тариздеп, бир нече мүнөттө жагымдуу бонустарга ээ болуӊуз.
MegaPay — ыңгайлуу, ишенимдүү, пайдалуу.