Жарнама

Ысык-Атадагы балыктардын массалык өлүшүнө суудагы булганыш себеп болду

20.08.25 | 16:07
Ысык-Атадагы балыктардын массалык өлүшүнө суудагы булганыш себеп болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, 13-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Киров айылындагы “Новое озеро” балык чарба көлмөсүндө балыктардын массалык өлүшү катталды.

Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясынын анализдери суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөрдү аныктады. Бул төмөнкү көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн:

Кычкылтек жетишсиздиги — бактериялар жана органикалык калдыктар суудагы кычкылтекти азайтат, гипоксияга себеп болот.

Метаболизмдин бузулушу — аммиактын жогору деңгээли балыктардын жабрларына жана ички органдарына терс таасир берет.

Экологиялык тең салмактын бузулушу — суунун микрофлорасы жана азык чынжыр бузулуп, балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү катталат.

Жыйынтыгында суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербейт жана бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча